• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

ЖЭБ боюнча айыпталып жаткандар сотто көрсөтмө берүүгө макул болушту

28 Тогуздун айы 2019 15:05 Бишкек Govori.TV

ЖЭБди модернизациялоо боюнча жемкорлукка айыпталып жаткандар сотто көрсөтмө берүүгө макул болушту. Бул тууралуу Сапар Исаковдун жактоочусу Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, айыпталуучулар мындай чарага барууга аргасыз.

 Сот 2 токтом чыгарды, биринчиси-айыпталуучуларды отурум залына күч менен алып келүү, экинчиси- эгер айыпталуучулар көрсөтмө берүүдөн баш тартышса дагы процессти улантуу. Айыпталуучу Жолдошбек Назаров Салайдин Авазовдон кийин көрсөтмө берем деп жатат. Калган айыпталуучулар дагы көрсөтмө берүүгө даяр, — деди Замир Жоошев.

Белгилей кетсек, 25-октябрда Исаков убактылуу кармоочу жайдын камерасынан чыгуудан жана сот отурумуна катышуудан баш тарткан. Муну мурдагы премьер-министр ЖЭБ боюнча иштеги айрым күбөлөрдүн суралбай жатканына нааразылык деп түшүндүргөн. Ал эми Свердлов райондук соту Сапар Исаков сотко келүүдөн баш тартса аны күч менен алып келүү чечимин кабыл алган.

ЖЭБди модернизациялоо боюнча кылмыш ишине байланыштуу мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиев, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаров, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазов жана ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкулов былтыр камакка алынган.

Количество просмотров: 279