Бишкек.12.07.2019.Govori.TV
11-июлда, Москва облусунун Мытищи шаарындагы жылуулук электр борборунан (ЖЭБ)өрт чыгып, ал түнкү саат 1:37де өчүрүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык,Кырсык катталган жерге 78 куткаруучу, 24 өрт өчүрүүчү тартылган.Өрт газ түтүгү жарылгандан улам келип чыккан деген божомолдор айтылууда.Тилсиз жоонун кесепетинен ЖЭБдин вахтёру каза болуп,13 адам жабыркаган.