Бишкек ЖЭБдеги кырсыкта жардам берген курулуш компанияларга ыраазычылык каттар берилди. Бул тууралуу Мамкурулуштун басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта айтылгандай, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев орун басары Иманакун уулу Талант менен биргеликте Бишкек Жылуулук электр борборундагы кайра калыбына келтирүү иштерине зор салымын кошкон бир катар курулуш компаниянын өкүлдөрүнө ыраазычылык каттарды тапшырышты.