ЖЭБдеги кырсыктын кесепетин жоюуга 900гө жакын адам тартылды
ЖЭБдеги кырсыктын кесепетин жоюуга 900гө жакын адам тартылды
3 Бирдин айы 202420:25 Бишкек Govori.TV
Бишкек Жылуулук электр борборундагы өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюуга жалпы 870 адам, 43 техника тартылды.
Ыкчам штабдын маалыматына караганда, анын ичинен:
ӨКМден 133 куткаруучу;
17 техника;
6 суу сордуруучу мотопомпа;
дрон;
12 жылыткыч;
10 чатыр.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан учурда:
авариядан улам жабыркаган имараттын аймагын тазалоо иши жүрүүдө;
ЖЭБди имаратын жылуулоо максатында 50 000 м2 полиэтилен пленкасы алынып, куткаруучулар жылуулоо ишин аткарышууда;
ЖЭБдин ичиндеги сууну сордуруу иши жүрүүдө;
Ошондой эле жалпы кызматкерлер үчүн жылууланган 10 чатыр даярдалып, анын 4ү тигилген.
Жеринде мындан сырткары, жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан 405 кызматкер 21 техника курулуш компанияларынан 338 куруучу 5 техника ЖЭБдин имаратын калыбына келтирүү ишине көмөктөшүүдө.