• Ишенби 27 Теке 2024
  • Суббота 27 Июль 2024

ЖЭБди калыбына келтирүү. Бишкекке россиялык адистер келет

2 Бирдин айы 2024 23:51 Бишкек Govori.TV

Россиядан Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өзгөчө кырдаалдын себептерин аныктоого көмөктөшө турган адистер келет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө ЖЭБдин толук кандуу иштешин үзгүлтүккө учураткан өзгөчө кырдаалдын кесепеттерин жоюу боюнча калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдардын маалыматы угулду.

Акылбек Жапаров жыйындын жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигине ЖЭБди калыбына келтирүү иштерине тартылган курулушчулардын коопсуздугун камсыздоону тапшырды.

Количество просмотров: 2402