• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

ЖЭБди калыбына келтирүүдө 712 кызматкер, 26 техника иштеп жатат

7 Бирдин айы 2024 13:38 Бишкек Govori.TV

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепеттерин жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жана жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтарынан жалпы 712 кызматкер, 26 техника тартылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ЖЭБдин имаратынын айланасын курулуш материалынын калдыктарынан тазалоо иши дээрлик аяктоо алдында турат.

«Учурда жалпы тартылган жумушчу топтун күчү ЖЭБдин чатырын жабууга жумшалууда. Кызматкерлерге жумушту баштоо алдында коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча нускамалар жеткирилип, ысык тамак менен камсыз болууда», — деп айтылат маалыматта.

ӨКМден кошумчалашкандай, ошондой эле жеринде жылынуу пункту катары 4 чатыр тигилген.

Количество просмотров: 63