Нарында логистикалык борбор курулса 15 миңдей адам жумуш менен камсыз болот. Бул тууралуу бүгүн Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин инвестиция бөлүмүнүн башчысы Жалын Жээналиев билдирди.
“Нарын облусунун Ат-Башы районуна курула турчу индустриялык соода-логистикалык борбор ишке кирсе, жумуш менен камсыз болгондордун 90 пайызы кыргыз жарандары болот. Мындан сырткары, жергиликтүү адистердин квалификациясы жогорулатылат”,-дейт Жээналиев.