• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Жээналиева: Айыл жергесиндеги аялдарга жардам бергим келет

20 Чын куран 2024 11:20 Бишкек Govori.TV

18-19-20-апрель күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активист, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Анара Жээналиева, ал Ош облусунун Өзгөн районунан келген.

«Чек арасыз юристтер коомдук бирикмесинин мүчөсүмүн. Буга чейин аймактагы айымдарга юридикалык жактан жардам берип келгем. Кыйын долбоору көптөн бери күтүп жүрүп келген долбоорум болду. Билим жана жаңы тажрыйбамды алып, айыл жергесиндеги аялдарга жардам берүү ишимди уланткым келет», — деди ал.

Количество просмотров: 152