• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Жээналиева: Айымдарды ишкерликке үйрөтүүнүн үстүндө иштеп жатам

27 Үчтүн айы 2024 10:43 Бишкек Govori.TV

25-26-27-январь күндөрү “GOVORI.TV” агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында онунчу тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.

Алардын бири Астра Жээналиева 44 жашта, 4 баланын энеси жана жергиликтүү кеңештин депутаты.

«Арис уюмунда социалдык маселелер боюнча аймактык адис болуп иштейм жана Алай районундагы Үч-Дөбө аймагынын жергиликтүү кеңешинин депутатымын. Мен ар кайсы аймактарда, ар кайсы региондордо иштеп келгендиктен, андагы аялдардын көйгөйү, деги эле коомдо азыркы күндө болуп жаткан зордук-зомбулук боюнча өзүм мониторинг жүргүзүп келем. Ошондой эле акыркы учурларда чек арадагы айымдарга ишкердиктин түрүнүнө долбоор жазууга окутуу боюнча аракеттерди жасап жатам. Анткени алар финансылык жактан көз каранды болбой калса, өздөрүнө кандайдыр бир ишеним пайда болот», — дейт ал.

Количество просмотров: 146