• Жума 17 Бугу 2024
  • Пятница 17 Май 2024

Жээнбеков бет капсыз сүрөткө түшкөн өкмөт мүчөлөрүнө айып пул салууну талап кылды

19 Кулжа 2020 15:21 Бишкек Govori.TV


Айрым жарандарыбыз чындыкка дал келбеген маалыматтарды таркатып, медиктердин күнү-түнү кылган эмгегин жокко чыгарып жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 19-июнда чакан курамдагы Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

«Бул илдет жок, бул ойдон чыгарылган саясат дегендер да жок эмес. Дарыгерлерибиз, кары-картаңдарыбыз каза болууда. Бүгүн дүйнө жүзү бул илдет менен күрөшүп жатат. Ошондуктан дүйнөлүк пандемияга айланды. Мамлекет башчысы катары ар бир мекендешимди толук жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жана өздөрү менен жакындарына кам көрүүгө чакырам», — деди Сооронбай Жээнбеков.

Президент «бул илдеттин артынан бийлик акча кылууда, бул илдет жок» деген жоопкерчиликсиз билдирүүлөр бул оорунун бар экендигинен күмөн саноого түрткү болуп жатканын белгиледи.

«Буга кошумча, өкмөт мүчөлөрү топтошуп, социалдык дистанцияны сактабай, бет капсыз сүрөткө түшүштү. Бул сүрөт бүт өлкөгө тарады. Мындай нерселер аракеттерибиздин баарын жокко чыгарат. Бул чаралар Өкмөт аппаратынын катардагы кызматкерлерине карата колдонулбашы керек. Алар менимче, башчыларынын буйругу боюнча чыгышкан. Баарыңар айып пул төлөшүңөр керек», — деди мамлекет башчысы жыйынына катышкан өкмөт мүчөлөрүнө кайрылып жатып.

Количество просмотров: 783