Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттин отставкасы боюнча маселени талкуулап жатат. Маалыматты Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктаганын жергиликтүү басылмалар жазды.
«Ооба, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Премьер-министр Жапаров президент Жээнбеков бүгүн отставкага кетиши керектигин айткан. Сүйлөшүүлөр уланууда», — деп билдирген Стамалиева.
Белгилей кетсек, бүгүн, 14-октябрда расмий түрдө премьер-министр кызматына бекиген Садыр Жапаров маалымат жыйын өткөргөн. Анын жүрүшүндө президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасы тууралуу суроо узатылган. Ал эми премьер-министр президенттин өз арызы менен кызматтан кетүү же кетпөө маселеси бүгүн чечилерин билдирген.