Бишкек.18.07.2019.Govori.TV.
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кореянын премьер-министри Ли Нак Ен менен жолугушту. Жолугушуу Кореянын делегациясынын Бишкекке болгон расмий сапарынын алкагында — бүгүн, 18-июлда болгонун өлкө башчынын басма сөз кызматы билдирди.
Анда эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун маанилүү багыттары талкууланган.
«Акыркы 28 жылдан бери, эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык байланыш түзүлгөн убакыттан тарта Корея Республикасы тарабынан болгон жогорку даражадагы алгачкы сапар. Сиздин сапарыңыз өлкөлөрдүн достугун бекемдөө жана өз ара байланышын активдештирүүгө мүмкүнчүлүк берет деп ишенем», — деп белгиледи С.Жээнбеков.