• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Жээнбеков коронавирус мезгилинде өнүгүүнү каржылоо боюнча эл аралык форумга катышат

28 Бугу 202015:51 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда «Коронавирус мезгилинде жана андан кийин өнүгүүнү каржылоо боюнча жогорку деңгээлдеги иш-чара» аталышындагы эл аралык форумга катышат. Өлкө башчыны иш-чарага Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, Ямайканын премьер-министри Эндрью Холнесс жана БУУнун баш катчысы Антониу Гуттериш чакырган.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара чет мамлекеттердин башчыларынын, эл аралык уюмдардын, каржы институттарынын жетекчилеринин жана БУУ баш катчысы Антониу Гуттериштин катышуусунда видеоконференция форматында өтөт.

Форум БУУнун Туруктуу өнүктүрүү максаттарын каржылоо боюнча достук топторду негиздөөчүлөр катары Канада менен Ямайканын өкмөттөрү тарабынан уюштурулган.

Количество просмотров: 29