• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады

23 Чын куран 2020 14:44 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Орозо айынын башталышы менен куттуктады.

Мамлекет башчы 30 күн кармаган орозонун касиети менен дил дүйнө тазарып, ыйман тереңдеп, аруу сезимдер арбып жана жакшылыкка болгон үмүт бекемделерин белгилеген.

«Урматтуу мекендештерим! Ардактуу мусулмандар! Баарыңыздарды куттуу Орозо айынын башталышы менен чын дилимден куттуктайм! Коомдук биримдикке, улуттар арасындагы ынтымакка, бири-бирибизди колдоого чакырган орозо күндөрүнүн мааниси — бүгүнкү татаал мезгилде өзгөчө бийик, ушул улуу касиеттер учурда бизге өтө зарыл», — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бактылуу жашоо, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын каалады.

Белгилей кетсек, быйыл Рамазан айы 24-апрелде башталат.

Количество просмотров: 79