• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков: Мекенчил жаштарды тарбиялоо керек

21 Жетинин айы 2019 14:49 Бишкек Govori.TV

«Терс факторлорду натыйжалуу жеңип, жогорку адеп-ахлактык коомду түзүп, мекенчил жаштарды тарбиялоо үчүн биз бирге аракеттенишибиз керек», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте өтүп жаткан «Ислам жана Православие — тынчтыктын диндери» эл аралык конференциясында.

Мамлекет башчысы иш-чара Кыргызстандын жана Россиянын тиешелүү мамлекеттик жана диний уюмдарынын ортосундагы макулдашуулардын негизинде уюштурулганын белгиледи.

Ал дин жана маданият чек араны билбей турганын өзгөчө белгиледи.

«Биздин жалпы тарыхыбыз бар, элдерибиздин менталитети окшош. Биздин коомдордун руханий багыты да окшош. Тилекке каршы, акыркы он жылдыктар арасында биздин бардык мамлекеттерде материалдык баалуулуктардын артынан түшүп, руханий, адеп-ахлактык, моралдык жана этикалык нормаларга залал келтирген көрүнүштөргө туш болду», — деп белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.

Количество просмотров: 27