• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү

30 Бештин айы 2019 22:41 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков президент Эмомали Рахмонду жана Тажикстан элин келе жаткан Жаңы 2020-жыл менен куттуктап, тынчтык жана өнүгүү каалады.

«Эки тарап кыргыз-тажик кызматташтыгынын олуттуу маселелерин талкуулашты, келечекке карата, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча процессти ылдамдатуу боюнча, ачык-айкын пландарды белгилешти», -деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 98