• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков: Менин тирегим — эл. Кайсы бир партияга эмес, элиме таянам

30 Кулжа 2020 11:35 Бишкек Govori.TV

Кайсы бир партия президенттин колдоосун тааптыр деген кептер чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Президент шайлоодон кайсы партия жеңип келбесин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чогуу иштегенге даяр экенин белгиледи.

“Эл арасынан “тигил же бул партия президенттин колдоосун алыптыр, ошол партияга баланча мандат алып берет экен” деген сөздөрдү угуп жатам. Мен кандайдыр бир партияга эмес, жалпы элге кызмат кылуу үчүн шайлангам. Президент катары эч кимге моралдык да, материалдык да карызым жок. Менин тирегим — эл”, — деди мамлекет башчы.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Жээнбеков бүгүн Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына катышып, пандемияга жана алдыдагы шайлоого байланыштуу билдирүү жасады.

Количество просмотров: 918