• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков Москвага учуп кетти

23 Кулжа 2020 15:44 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай  Жээнбеков бүгүн, 23-июнда Москва шаарына иш сапары менен учуп кетти. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президент Сооронбай  Жээнбеков Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

Количество просмотров: 38