• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Жээнбеков Назарбаевдин абалын сурады

18 Кулжа 2020 18:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 18-июнда, Президент Сооронбай Жээнбеков Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти Нурсултан Назарбаев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Президенттин сайтында маалымдалат.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Сооронбай Жээнбеков Нурсултан Назарбаевге тез арада толугу менен сакайып кетишин каалады. Кыргызстан Президенти ак ниет коңшулукка, стратегиялык өнөктөштүккө жана шериктештикке негизделген кыргыз-казак кызматташтыгынын өнүгүшүнө Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымын өзгөчө баса белгиледи.

Ошондой эле тараптар эки өлкө коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жарандардын өмүрү менен саламаттыгын коргоого багытталган бергелешкен күч-аракеттер жана ошондой эле эки мамлекеттин экономикасын колдоо  менен гана жеңип чыгарын белгилешти.

Буга чейин Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев коронавирус жуктуруп алганын анын басма сөз катчысы Айдос Укибайга шилтеме берип, Казакстандын телеграф агенттиги жазган.

Количество просмотров: 106