Бишкек.27.03.2019.Govori.TV.
Орус тили Кыргыз Республикасында расмий макамында болгон жана ушул бойдон калат деп дагы бир жолу белгилегим келет,
деп белгиледи бүгүн, 27-мартта, президент Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жогорку окуу жайларын ректорлорунун «Илимди жана билим берүүнү өнүктүрүү — келечекке инвестиция» биринчи Форумунда.
«Биздин күчүбүз — элибиздин достугунда, менталитеттин жана рухубуздун жакындыгында, өлкөлөр арасындагы көп багыттуу байланышты бекемдөөдө. Россия Федерациясы менен стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштыкты, салттуу достукту өнүктүрүү багыты дагы бекемделет»,-деди президент.