• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жээнбеков Путинди туулган күнү менен куттуктады

7 Тогуздун айы 201910:32 Бишкек Govori.TV

Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 7-октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады.

Сиздин акылдуу жана көп тармактуу саясатыңыз, алысты көрө билүүчүлүк жогорку даражаңыз жана масштабдуу коюлган милдеттер, Россиянын ар​ тараптуу өнүктүрүүгө жана гүлдөп өсүүсүнө багытталгандыгы, россия элинин жана жалпы дүйнөлүк коомчулуктун сый-урматына жана жогорку ишенимине татыктуу. Сиздин жеке көңүл бурууңуз жана конструктивдүү колдооңуз менен кыргыз-орус кызматташтыгы өнүгүп, өлкөлөр ортосундагы мамилелер жаңы сапаттуу деңгээлге чыкты.​ Кыргыз Республикасы жана Россия Федерациясынын көп кылымдык достук жана бирдиктүү тарыхы мындан ары союздаштыкты жана стратегиялык өнөктөштүк ортосун бекемдөө үчүн негиз катары кызмат кыларына терең ишенем,​ — деп айтылат куттуктоодо.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков Владимир Путинге бекем ден соолук, жакшылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 84