• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Жээнбеков Путинге көңүл айтты

20 Тогуздун айы 2019 1:29 Бишкек Govori.TV

Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Россиянын президенти Владимир Путинге Красноярск крайында дамбанын жарылышынан улам адам курмандыктары болгонуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

Красноярск крайында дамбанын жырылышынан улам адамдардын курман болгону тууралуу суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Кыргызстандын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан курман болгондордун жакындары жана туугандарына чын ниеттен көңүл айтам. Жабыркагандарга тез сакайып кетүүсүн каалайм. Аза кайгысын тең бөлүшөбүз, — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, кырсык 19-октябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 05:00дө болгон. Анда эки жатакана суу алдында калган. Плотинанын жырылышынан 13 адам каза болуп, 44 киши жабыркаган, 15и дайынсыз болууда.

Количество просмотров: 373