• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Жээнбеков Путинге көңүл айтты

2 Теке 2019 13:42 Бишкек Govori.TV

Бишкек.02.07.2019.Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугуна жана кыйроолорго байланыштуу Россия Президенти Владимир Путинге көңүл айтты. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

«Иркутск облусундагы суу каптоолордун натыйжасында адамдардын курман болгондугу жана кыйроолор жөнүндө кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Курман болгондордун туугандарына жана жакындарына көңүл айтуумду жана колдоо сөздөрүмдү, ошондой эле бардык жабыркагандардын тез арада сакайып кетишин каалай турганымды билдирип коюуну өтүнөм»,​ — деп айтылат Мамлекет башчысынын көңүл айтуу телеграммасында.

Эске салсак, аталган аймакта суу ташкындап, 14 киши каза тапты. РФтин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча дагы 13 киши дайынсыз болууда. 42 калктуу конуштагы 4000ге чукул үй суу алдында калган. Ушу тапта Иркутскиде өзгөчө кырдаал жарыяланган.

Количество просмотров: 3