• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жээнбеков Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту

27 Бирдин айы 2020 18:51 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 27-февралда, Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жолугушууда Кыргызстан менен Россиянын эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу багыттары тууралуу пикир алышуу болгон.

Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин Кыргыз Республикасынын президентин жылуу кабыл алып, Кыргызстан өкмөтү менен натыйжалуу кызматташууларды улантууга даяр экендигин баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбековдун иш сапарынын алкагында Россия президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрү жана Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылынын ачылыш аземине биргеликте катышуусу күтүлүп жаткандыгын белгилеп, Россия тарап Сооронбай Жээнбековдун 9-майда Москвада өтүүчү Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого катышуусун да күтүп жаткандыгын кошумчалады.

Михаил Мишустин Кыргызстандын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевге саламын жолдоду. Өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелер шериктештик жана стратегиялык мүнөзгө ээ болуп, соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу жигердүү өнүгүп жаткандыгын өзгөчө белгиледи.

Кыргызстан менен Россиянын Эриш-аркак жылы эки тараптуу өз ара кызматташууга жаңы дем бере турганына ишеним билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Михаил Мишустинди Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы кызматына дайындалышы менен куттуктады.

Акыркы эки жылда кыргыз-орус алакаларынын активдешкендигин канааттануу менен белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Россия президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга өткөн жылы жасаган мамлекеттик визитинин жүрүшүндө болуп өткөн 8-Региондор аралык конференциянын алкагында 6 млрд АКШ долларынан ашуун акча каражатына бир катар документтерге кол коюлгандыгын эске салды.

Үстүбүздөгү жылы Екатеринбург шаарында өтө турган 9-Региондор аралык форум дагы ушундай эле жемиштүү жана ийгиликтүү болооруна ишеним артты.

Сооронбай Жээнбеков кыргыз тараптын Эриш-аркак жылынын алкагындагы бардык иш-чараларды ийгиликтүү жүзөгө ашырууга терең маани берерин баса белгиледи.

Жалпы ой-максаттарды ийгиликтүү аткаруу жана бул уникалдуу долбоорду ишке ашыруу шериктештик мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары дагы бекемдөөгө кызмат кылаарын айтты.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык кызматташууну өз ара пайдалуу бекемдөө жана кеңейтүү Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыктарына толугу менен жооп берерин баса белгиледи.

Количество просмотров: 147