• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жээнбеков: Россия менен Кыргызстан бирдиктүү билим берүү мейкиндигине ээ болушу керек

27 Жалган куран 201910:52 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 27.03.2019. Govori.TV.

Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында «Илим жана билим берүүнүн өнүгүүсү — келечекке инвестиция» аталышындагы Кыргызстан жана Россиянын ректорлорунун I форуму өтүп жатат. Форумда президент Сооронбай Жээнбеков сөз сүйлөп, иш-чаранын маанилүүлүгүнө токтолду.

Ал баса белгилегендей, мамлекеттер ортосундагы союздаштык мамиле биринчи кезекте руханий-гуманитардык жана интеллектуалдык тармакта бекемделиши абзел.

«Мени биздин Жогорку окуу жайлар ортосундагы тыгыз байланышты түзүүгө болгон эки тараптуу умтулуу жана кызматташуу абдан кубандырат. Өзүңөр билгендей 30 жыл мурун биз бирдиктүү билим берүү мейкиндигин түзгөнбүз. Ошол кездеги билим берүү системасы дүйнөдөгү атаандаштыкка туруштук бере алчу. Ал экономика, социалдык жашоо, мамлекеттик башкаруу жана коргоонун талаптарына толугу менен жооп берчү. Учурда ал жок», — деп билдирди Жээнбеков.

Белгилей кетсек, форумга эки өлкөнүн билим берүү жана илим министрлери, Кыргызстандын 31 жогорку окуу жайынын ректорлору, Россиянын 40 жогорку окуу жайынын өкүлдөрү катышууда.

Количество просмотров: 14