• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков россиялык медициналык топтордун жетекчилери менен жолугушту

15 Баш оона 2020 17:29 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-августта, россиялык медициналык топтордун жетекчилери — Россия Федерациясынын Башкортостан Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Евгений Кустов жана Россия Федерациясынын Коргоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Евгений Спиценко менен алардын өлкөдөн кетип жатканына байланыштуу жолугушту.

Мамлекет башчысы жеке өзүнүн жана бүткүл Кыргызстан элинин атынан россиялык адистерге алардын жасаган ишти, жергиликтүү дарыгерлерге практикалык жардам көрсөткөнү жана өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге ушундай оор мезгилде көрсөткөн жардамы үчүн, анын ичинде медициналык дары-дармектер жана жабдуулар түрүндөгү гуманитардык жардамы жана медициналык адистерди жибергени үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал россиялык тарапты жаңы коронавирус инфекциясына каршы дүйнөдөгү биринчи вакцинанын катталышы менен куттуктады.

«Биз стратегиялык өнөктөшүбүз жана союздашыбыз үчүн кубанычтабыз. Бул пандемияга каршы күрөшүүдөгү бурулуш учуру болуп саналат. Биз бул жаңылыкты көптөн бери күтүп жүргөнбүз», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Башкортостан Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Евгений Кустов орус адистеринин Кыргызстанда аткарган иштеринин жыйынтыктары тууралуу кыскача баяндап берди.

Анын берген маалыматына ылайык, өлкөнүн 31 медициналык мекемесинде үч негизги багытта иш жүргүзүлгөн. Ал ичине дарыгерлерди биологиялык коргоо жана эпидемияга каршы режимдин эрежелерин сактоо боюнча окутуудан өткөрүүнү, бейтаптарды дарылоо үчүн клиникалык протоколдорго өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча методикалык көрсөтмөлөрдү берүүнү, өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутумун эпидемиологиялык кырдаалдын начарлашына даярдоо боюнча зарыл иш-чаралардын тизмесин иштеп чыгууну ж. б. камтыган.

Россиялык адистер тарабынан 4 миңден ашык адам текшерилип, 615 адам стационарлардан чыгарылган жана 594 адам чыгарууга даярдалганы белгиленди.

Евгений Кустов толук кандуу иштөө үчүн жагымдуу шарттарды түзүп бергендиги үчүн Президентке жана Өкмөткө ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, кыргызстандык дарыгерлердин дарегине алардын күжүрмөн эмгеги үчүн өзүнчө ыраазычылык билдирди.

Россиянын Коргоо министрлигинин Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Евгений Спиценко Россиянын аскердик дарыгерлери, Бишкек жана Ош шаарларында аскер госпиталдарында болушуп, негизинен, оор жана орто оор абалдагы бейтаптар менен иштешкенин маалымдады.

Евгений Спиценко бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал турукташканын жана  төмөндөө тенденциясы ачык көрүлгөнүн белгиледи.

Ал кыргызстандык дарыгерлердин билими, тажрыйбасы жана инфраструктура бейтаптарды компетенттүү жана натыйжалуу дарылоого мүмкүндүк берерин кошумчалады. Сөзүн жыйынтыктап жатып, алар өлкөгө болгон бул сапарын жагымдуу маанайда гана эстеп жүрүшөрүн белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков жолугушуунун аягында россиялык адистерге дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, аларга бекем ден-соолук жана ийгиликтерди каалады.

Количество просмотров: 104