• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Жээнбеков Венгрия президенти менен жолугушту

30 Аяк оона 2020 9:15 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков 29-сентябрда Венгрияга расмий визитинин алкагында Венгриянын Президенти Янош Адер менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Кыргыз-венгер эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу багыттары талкууланды. Ошондой эле суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу жана экологияны коргоо боюнча пикир алышуу болду.

Венгриянын Премьер-министринин жемиштүү сүйлөшүүлөрү өлкөлөрдүн өз ара байланыштарын өнүктүрүүгө сөзсүз дем берерин белгиледи.

Ал ошондой эле, суу ресурстарын натыйжалуу башкаруу маселеси мөңгүлөрдүн эриши жана заманбап глобалдык чакырыктарды эске алуу менен актуалдуу болуп каларын баса белгиледи.

Буга байланыштуу Янош Адер келечекте дүйнө өлкөлөрүнүн күн тартибинде суу пайдалануу маселеси кыйла артыкчылыктуу болоруна көңүл бурду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Венгрия Президентин эки тараптуу кызматташтыктын стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине чыкканы менен куттуктады.

Ал жогорку деңгээлдеги туруктуу сүйлөшүүлөр мындан ары көп тараптуу жана кыргыз-венгер кызматташтыгын активдүү өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берерине ишенимин билдирди.

Ал ошондой эле, Кыргызстан экологиялык маселелерге өзгөчө маани берерин, ата мекендик айыл чарба продукциялары экологиялык таза экендигин, мунун эсебинен продукция чет элдик рынокто ийгиликтүү атаандаш боло аларын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков бул багытта өз ара кызматташууга даярдыгын билдирди жана Венгрия Президенти Янош Адерди Кыргызстанга визит менен келүүгө чакырды.

Тараптар эки өлкөнүн бакубаттыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн активдүү байланыштарды улантуу зарылдыгын белгилешти.

Количество просмотров: 52