Президент Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка дайындоо тууралуу буйрукка кол коё элек. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы билдирди.
Анын айтымында, президент кол коюп, бекитүүсү үчүн ЖК депутаттарынын токтому келүүсү керек.
«Учурда Жогорку Кеңеш президенттин кароосуна токтом жибере элек», — дейт Стамалиева.
Эске салсак, 10-октябрда «Ала-Арча» резиденциясында Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны өтүп, анда Садыр Жапаров баштаган өкмөттүн курамы бекитилген.