• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жээнбеков Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чарага катышат

22 Кулжа 2020 14:40 Бишкек Govori.TV

Президент Сооронбай Жээнбеков Орусия лидери Владимир Путиндин чакыруусу менен 24-июнда Москвага барат. Ал 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун билдиришинче, иш сапардын алкагында Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышуу пландаштырылган.

«Белгилей кетчү нерсе, 75 жыл мурун, ушул күнү — 1945-жылдын 24-июнунда Кызыл аянтта жеңүүчүлөрдүн легендарлуу тарыхый парады болуп өткөн», — деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Количество просмотров: 103