• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жээнбеков Жогорку Кеңештин жыйынына катышат

15 Чын куран 2020 10:19 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 15-апрелде, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жыйынына катышат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Парламенттин жыйынында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы мүчөлөрү ант беришет.

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» конституциялык мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Өкмөттүн жаңы мүчөлөрү өлкө Президентинин катышуусунда ант беришет.

Парламенттин жыйынында Президент Сооронбай Жээнбековдун сөз сүйлөшү күтүлүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык, өлкө Президенти Жогорку Кеңештин жыйындарында сөз сүйлөөгө укуктуу.

Количество просмотров: 62