Москвага президент Жээнбеков менен чогуу барган Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков менен жан сакчыдан вирус аныкталды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Маалыматка караганда, өлкө башчысы менен делегация курамы Москвага учуп кеткенге чейин коронавируска карата анализ тапшырып, жыйынтыгы таза чыккан.
“Алгоритмге ылайык, Москва шаарына парадга катышуу үчүн президент менен бирге баргандар коронавируска тест тапшырышкан. Кийин делегация курамындагы Президентинин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдон жана жан сакчыдан вирус аныкталды. Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков парадга катышпай эле коюу чечимин кабыл алды”, — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, учурда Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган аскердик парад өтүп жатат.