• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

«Жээнбековдун тагдыры кандай болот?» деген суроого Садыр Жапаров жооп берди

6 Тогуздун айы 2020 18:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-октябрда «Достук» мейманканасында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өтүшү күтүлүп жатат. Ага келген Садыр Жапаров  президент Сооронбай Жээнбеков тууралуу суроого жооп берди.

«Буга чейин 2 президент куулду. Экөө тең качып жүрөт. Биз эми үчүнчүсүн да кубалап жибербейли. Бул менин жеке пикирим. Болор иш болду, боёсу канды.  Сен ушундай кылдың деп куугунтуктаган болбойт. Өткөн окуяларга  Жээнбеков мыйзам алдында жооп бериши керек. Президент болуп иштөөгө моралдык укугу жок калды. Өз арызын жазып кетип калса, ошондо тынч болмок», — деди Жапаров.

Количество просмотров: 22411