• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жээнбековдун тарапташы УКМКга суракка чакырылды

1 Тогуздун айы 202110:54 Бишкек Govori.TV

Абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун тарапташы Айсулуу Кудайбердиева Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине кайра суракка чакырылды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазды.

29-сентябрда Кудайбердиева УКМКда эки сааттай сурак бергенин жана үйү тинтүүгө алынганын жазып чыккан.

Белгилей кетсек, Айсулуу Кудайбердиева соңку президенттик шайлоодо талапкер Равшан Жээнбековдун штабында иштеген.

Анын суракка чакырылганы тууралуу УКМК азырынча маалымат бере элек.

Количество просмотров: 248