• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Айсулуу Кудайбердиевага карата «Майда бейбаштык» беренеси менен иш козголду

30 Жалган куран 2022 14:41 Бишкек Govori.TV

Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиевага карата Кылмыш-жаза кодексинин «Майда бейбаштык» беренесине ылайык дагы бир иш козголду. Бул тууралуу ал фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, кечээ Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Асылбек Абдылдаев ага телефон чалып, фотокабарчы Игорь Коваленкодон арыз түшкөнүн билдирген.

«Ал укук коргоо кызматкерлеринене кайрылып, мен аны кемсинтип, камерасына зыян келтиргем деп айтыптыр. Бул окуя Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында февраль айында өткөн Украинаны колдоо митингдеринин биринде болгон. Күлкүм келди. Ал митингде менден эки эсе чоң киши мени түртүп, уят сөздөрдү айтып, орой сүйлөгөн эле. Ошодо мен анын кылыгын телефонума тарта баштагам, ал да мени тарта баштады. Мен анын камерасын колум менен түртүп жиберсем, ал мага тап бергенде, милиция ортобузга түшө калды. Мен ага ачууланбайм, себеби ал элдин оозун жаап туруучу бийликтин куралы эле», — деди ал.

Бүгүн активист Коваленкого каршы тосмо доо жазды. Иш жакында сотко өткөрүлөт.

Буга чейин Равшан Жээнбековдун жардамчысы Айсулуу Кудайбердиева 2019-жылы кыргыз-тажик чек арасынан мыйзамсыз өткөн деп айыпталган эле. УКМК биринчи жолу аны 2021-жылдын 29-сентябрында суракка чакырган. Кийин анын үйүн тинтишкен.

Количество просмотров: 325