• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Жеенчороев: Бабанов Жапаровго окшоп Бишкекке жарыя салып келет

28 Жалган куран 201914:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.03.2019.Govori.TV.

ЖК депутаты Мирлан Жеенчороев “Республика-Ата Журт” партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жапаровго окшоп Бишкекке жарыя салып келээрин “Govori.TV агенттигине маек берип жатып айтты.

«Өмүрбек Токтогуловичтин тарапташтары ал каякка келсе ошол жакка барып тосуп алышаарын өздөрү билдирип жатышат. Келээр астында Бабанов өзү расмий билдирүү таратат»,-деди депутат.

Эске салсак, “Республика” партиясынын мурдагы лидери Өмүрбек Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында өткөн президенттик шайлоодо ат салышып, Сооронбай Жээнбековго утулуп калган.

Ошол эле жылы 4-ноябрда “анын шайлоонун үгүт өнөктүгүндө эл алдында чыгып сүйлөгөн айрым сөздөрү конституциялык түзүлүшкө каршы келет” деген негизде Башкы прокуратура иш козгоп, материалдарды УКМКга өткөрүп берген. Ошондой эле ага карата “бийликти басып алууга даярдык көрүү” деген айып менен да иш козголгону кабарланган.

Бул айыптоолорду четке каккан Бабанов өлкөдөн чыгып кетип, кийин депутаттык мандатын тапшырып, саясаттан кеткенин жарыялаган.

УКМК буга чейин саясатчыга козголгон иштердин бири токтоп турса, экинчиси боюнча тергөө жүрүп жатканын кабарлаган. 

Количество просмотров: 16