Кыргызстандын паспорттору чет өлкөдө кылмышка шектүүлөрдөн чыгып жатканы боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев өз оюн билдирди. Анын анын айтымында, Мамлекеттик каттоо кызматынын иши чабал болуп жатат.
“Бул маселени Жогорку Кеңеште бир нече жолу көтөргөнбүз. Кыргызстандын паспорту криминалдык жетекчилерде, террористерде, качкын саясатчылардын колунда жүрөт. Мамлекеттик каттоо кызматында тартип жок болгондуктан мындай көрүнүштөр кайталанып жатат. Тыкыр көзөмөлгө алыш керек”,-деди депутат Жээнчороев.