9-10-11-декабрь күндөрү “GOVORI.TV” мультимедиалык маалыматтык агенттиги медиа айдыңындагы “Кыйын” телевизиондук ток-шоусунун алкагында Кыргызстандагы айымдардын лидерлик дараметин калыптандыруу максатында сегизинчи тренингин өткөрдү. Ага өлкөбүздүн булуң-бурчунан айылдык кеңештин депутаттары, мугалим, жарандык активисттер, жеке ишкер жана мамлекеттик кызматкерлер келген.
Алардын бири 42 жаштагы Мээрим Жээренчиева, ал Нарын облусунун Нарын шаарынан келген.
«Англис тил сабагынан мугалим, 4 баланын апасымын. Мектепте 11 жылдан бери эмгектенем. Азыркы учурда заман тездик менен өнүгүп жатат. Ага жараша билим алгым келет. Ийгиликтүү айымдардын сырларын билгим келет. Бул тренингге келгенимдин да себеби ушул», — деди ал.