• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Жейми Флай: Соттун «Азаттык Медианын» ишин токтотуу тууралуу «чектен чыккан» чечимине каршы даттанат

28 Чын куран 2023 10:47 Бишкек Govori.TV

«Эркин Европа/Азаттык» радиосу Бишкектин Ленин райондук сотунун «Азаттык Медианын» ишмердигин токтотуу тууралуу «чектен чыккан» чечимине каршы даттанат. Бул тууралуу эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдирди.

«Биздин тарых көрсөткөндөй, адамдар өкмөттүн цензурасына кабылган чынчыл маалыматты кааласа ага жетүүнүн айласын табат», — деди Флай.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева «Азаттык Медиа» мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

«Азаттыктын» адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.

Министрликтин «Азаттык Медианын» үстүнөн жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин «Азаттыктын» ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 64