• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жеке ишкерден опузалап 20 миң доллар талап кылган УКТ мүчөсү кармалды

11 Бугу 2021 17:28 Бишкек Govori.TV

Опузалап пара алып жаткан учурда уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, 10-майда УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы аракеттенүү боюнча иштерди жүргүзүүдө уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү “Дөө Чынгыз” каймана аттуу Ч.Жумагуловдун атынан аракеттенген УКТ мүчөсү “И.Р.М.” жеке ишкерден опузалап 20 миң доллар алып жаткан жеринен кармады.

“И.Р.М.” КР “кылмыш-жаза кодексинин 98-беренесине ылайык УКМКнын абак жайына камалды.

Учурда алардын шериктерин жана иштин башка фигуранттарын кармоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүүдө.

Количество просмотров: 108