• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

“Таранчы” каймана аты менен таанымал УКТ мүчөсү кармалды

1 Чын куран 2024 10:05 Бишкек Govori.TV

«Таранчы» каймана аты менен таанымал уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө, 2024-жылдын 26-мартында Ош шаарынын аэропортунда маркум К. Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү, “Таранчы” каймана аты менен белгилүү Н.Н.К. кармалды.

«Аталган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы тоо-кен фирмаларынын жумушчуларына салык салуу аракетин көргөндүгү аныкталды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда Н.Н.К.га карата опузалоо фактысы боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. КР УКМК аталган Н.Н.К.нын кылмыштуу иш-аракеттеринен жапа чегиши мүмкүн болгон жарандарды УКМК нөөмөт кызматына кайрылуусун өтүнөт.

Количество просмотров: 126