Бишкектин «Ала-Тоо» аянтындагы тууну кайтарууга келген жоокерлерди кол чабуулар менен тосуп алышты. Аянттагы болуп өткөн митингге карабай өз милдетин аткарууга келген жоокерлерге ыраазы болушту.
Эскерте кетсек, 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондор борбордук аянтка митингге чыгып, кагылышуу болгон. Натыйжада акцияга чыккандар Ак үйдү алып коюшкан.