Бишкекте көчөгө ташталган ымыркай табылды. Маалыматты Ленин РИИБ тастыктады.
Маалыматка караганда, 19-ноябрь күнү саат 22:45 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын “102” кызматына Арча-Бешик конушунда, Кара-Кужур көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринин тосмосуна жакын жерде желим баштыкка оролгон ымыркай табылганы тууралуу маалымат түшкөн.
Учурда бала Бишкек шаардык Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, шаардык төрөтканалардын бирине өткөзүлүп берилген.