• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

 «Женгонун» кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

13 Үчтүн айы 2024 17:59 Бишкек Govori.TV

«Женго» каймана аты бар Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

2024-жылдын 12-январында Кызыл-Кыя шаарындагы “Алия” кафесинен Ош облусунун Ноокат районунун 1993-жылы туулган КРнын А.у.Н. аттуу жараны кармалды.

Такталгандай, кармалган А.у.Н. аялы “А” менен алдын ала сүйлөшүп алышып “бирөөнү ыңгайсыз абалга салуу” менен алектенишкен. “А” күйөөсүнүн көрсөтмөсү менен “Одноклассники” социалдык тармагы аркылуу жаш жигиттер менен таанышып, алар менен жашыруун жолугушууга макулдашкан. Андан кийин, А.у.Н. өзүн жогоруда аталган “А”нын кызганчаак жубайы катары көрсөтүп, коркутуу жана шантаж жолу менен жаш жигиттерден акча талап кылган. Тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 9-январында А.у.Н. ушундай эле жол менен жабырлануучу А.Н. менен жолугуп, аны сабап, “Дэу-Нексия” үлгүсүндөгү унаасын тартып алып, 100 миң сом акча талап кылган.

Колдо болгон маалыматтарга ылайык, кармалган А.у.Н. мурда бир нече жолу КР Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (Саламаттыкка атайылап оор залал келтирүү), 168-беренеси (Каракчылык), 174-беренеси (Жашы жетпегенди кылмыш жасоого тартуу) боюнча соттолгон. Мындан тышкары, шектүү “коллектордук кызмат” деп аталган Ишкерлерден опузалап акча талап кылган иш менен алектенген, буга чейин “Дженго” каймана аты бар К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары укук коргоо органдарынын назарына түшкөн.

Учурда жогорудагы кылмыштарга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 285