• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

“Женгонун” уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

10 Тогуздун айы 2023 13:50 Бишкек Govori.TV

Ош облусунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, атайын кызматтар уюшкан кылмыштуу топторго каршы аракеттерин улантууда.

«УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы күрөштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренесинин 2-бөлүгү (Уюшкан топту түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, ушул жылдын 8-октябрында “Женго” каймана аты менен белгилүү болгон К.Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөлөрү, 1995-ж.т. М.у.Х., 1993-ж.т. Ю.У., 1978-ж.т. А.Ы.Б. 1993-ж.т. Р.А.С., 1986-ж.т. Ош облусунун Өзгөн районунун “кароочусу” болгон Т.И.М., 2000-жылы туулган “топтун” мүчөсү А.у.Б. жана 1997-жылы туулган “топтун” дагы бир мүчөсү, ошондой эле “Казак” деген каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү дагы болуп саналган Ж.Д. кармалды», — деп жазылат маалыматта.

Количество просмотров: 1291