• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Жер үй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» ишканасы 600 миң доллар айып төлөдү

5 Тогуздун айы 2018 11:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.10.2018.Govori.TV.

Таластагы Жерүй алтын кенин иштеткен «Альянс Алтын» ишканасы 600 миң доллар айып төлөгөн. Бул тууралуу Tazabek маалымат булагы жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 500 миң доллар Башкы прокуратуранын эсебине которулса, кийин айда 100 миң доллар комитеттин эсебине түшкөнү белгилүү болгон. Аталган комитеттегилер «Альянс Алтын» ишканасы июндун ортосунда айыптарды төлөп берүү боюнча Бишкектин райондор аралык сотуна кайрылганын тастыкташты.

Айыптар тарап алтын бөлүп алуучу фабриканын курулушу менен таштанды ташталуучу жайлардын ишке берилишинин мөөнөтү кечиктирилгени  боюнча салынган.

Количество просмотров: 32