• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жерүйгө белгисиз адамдар кирип келип, иш токтотулду

6 Тогуздун айы 2020 12:43 Бишкек Govori.TV

«Альянс Алтын» ишканасы Жерүйдөгү ишин убактылуу токтотту. Маалыматка ылайык, кен иштетүүчу жайга белгисиз адамдардын тобу кирип келген. Ишкананын маалымат кызматы кабарлагандай учурда Талас облусуна убактылуу бийлик дайындоо аракети көрүлүп жатат.

«Алгач облустагы абалды оңдоо керек. Убактылуу облус жетекчилигин дайындап алган соң Жерүйгө барып, эл менен жолугушуу өткөрөбүз. Азыр ал жакта иш убактылуу токтотулду», — деп билдирди маалымат катчы.

Эске салсак, өкмөттүн Талас облусундагы өкүлү Марат Мураталиев өз каалоосу менен отставкага кеткен.

“Эл аянтка келип чогулушту. Алар мородёрчулукка алдырбаш үчүн өз каалоом менен жумуштан кеттим”, – деп билдирген Мураталиев.

Белгилей кетсек, 6-октябрда Нарында, Таласта жана Караколдо эл чогулуп, бийликти өткөрүп берүүнү талап кылышкан.

Количество просмотров: 136