• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Жер маселесин чечем» деп, жарандарды алдап жүргөн шектүү кармалды

20 Аяк оона 2021 10:47 Бишкек Govori.TV

Бишкектин жаңы конуштарындагы жер тилкелерин трансформациялоо жана документтерин мыйзамдаштыруу учурдагы көйгөйлүү маселелердин бири экендигин билип, андан өзүнө материалдык пайда табуу максатында алдамчылык жол менен жарандардын акча каражаттарына ээ болгон Бишкек шаарынын 1989-жылы туулган жараны Ж.К. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, жаран Ж.К. Чүй облусунун Аламүдүн районунун тургундарына өзүн Башкы прокуратуранын, ички иштер органдарынын кызматкери, жактоочу жана юрист катары жалган тааныштырып, 5 адамдан жер тилкелеринин трансформациялоо маселесин чечип берем деген таризде акча каражаттарын алдоо жолу менен алгандыгы, жарандарга жалпы суммасы 21 500 АКШ долларында чыгым келтирилгендиги аныкталды.

«Аталган фактылар боюнча Чүй облусунун Аламүдүн районун ИИБнин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 204-беренесинин (Алдамчылык) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, жаран Ж.К. Бишкек шаарынын ИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилди»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда Ж.К. башка кылмыштарга тиешеси бар экендигин тактоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Кармалган жарандан жабыркаган жарандар болсо же ал боюнча кандайдыр-бир маалыматтарды билишсе, 0702-20-40-70, 0705-00-88-08 телефон номурларына кабарлашса болот.

Количество просмотров: 212