• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Жергиликтүү бийлик органдары кинотеатрлардын ишин жандандыруу маселесин чече алышат

24 Жетинин айы 2020 17:03 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү бийлик органдары тийиштүү аймактарда талап кылынган санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүн жандандыруу маселесин чечүү ыйгарым укугуна ээ болушат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесинин жүрүшүндө билдирди.

Кеңешмеде өлкө аймактарындагы эпидемиологиялык абал талкууланып, жаңы ооруканалардын курулушунун жүрүшү, алардын тийиштүү медициналык жабдуулар жана инвентарлар менен жабдылышы маселеси каралды.

«Медициналык мекемелерди куруу жана жабдуу боюнча иштердин жыйындысын өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо маанилүү. Аталган маселеге өзгөчө басым жасоону өтүнөм. Мындан тышкары, аймактардын жетекчилери алынган гуманитардык жардамдар жана анын бөлүштүрүлүшү боюнча тыкыр маалыматтарды сунуштоосу зарыл. Алынган көмөктүн так эсеби жана талдоосу болушу зарыл», — деди ал.

Республикалык ыкчам штабдын мүчөлөрү жалпы билим берүү мекемелеринин, кинотеатрлардын жана бир катар экономикалык ишмердүүлүк түрүнүн ишин жандандыруу маселесине токтолушту.

Белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын өкмөтү экономикалык ишмердүүлүктү жандандыруу максатында 2020-жылдын 1-декабрынан тарта жергиликтүү бийлик органдарына тийиштүү аймактарда талап кылынган санитардык-эпидемиологиялык жана башка эрежелерди сактоо менен экономикалык ишмердүүлүктүн түрлөрүн жандандыруу маселесин чечүү ыйгарым укугун берүүнү сунуштайт.

«Мында беткап тагынуу режими, социалдык обочолонуу жана башка санитардык-эпидемиологиялык эрежелер сөзсүз түрдө сакталышы керек. Тармактык мамлекеттик органдар тарабынан жер-жерлердеги оорунун күч алуу жана медициналык мекемелерге жүктөм деңгээлине жараша эпидемиологиялык абалдын коопсуздугун көзөмөлдөө боюнча тийиштүү алгоритмдер иштелип чыгат. Республикалык ыкчам штаб COVID-19 боюнча аймактардагы абалды көзөмөлгө алат», -деди вице-премьер-министр.

Эльвира Сурабалдиева ошондой эле алдыдагы жаңы жылдык майрамдарда жамааттык иш-чараларга чектөө киргизүү, же андан толук түрдө баш тартуу маселесин иликтеп чыгуу зарылдыгын белгиледи.

Количество просмотров: 60