• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жергиликтүү кеңештерге шайлоону чагылдырууга ЖМКлардын аккредитациясы 20-февралда аяктайт

18 Бирдин айы 2020 10:31 Бишкек Govori.TV

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү мезгилинде шайлоо алдындагы үгүткө катышуу үчүн шайлоо алдындагы үгүткө катышууну каалаган телерадиоберүү уюмдары, мезгилдүү басма сөз басылмаларынын редакциялары, интернет-басылмалардын ээлери Шайлоо жана референдум боюнча борбордук комиссияда аккредиттөөдөн өтүүгө тийиш.
Бул үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалар обо убактысын жана басма аянтын берүү үчүн төлөнүүчү акынын өлчөмдөрү ж.б. шарттары жөнүндө маалыматтарды жарыялоосу керек жана 2020-жылдын 20-февралынан кечиктирбестен БШКга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

  • шайлоо алдындагы үгүткө катышууга даярдыгы жөнүндө билдирүү, анда
    жалпыга маалымдоо каражатынын же интернет-басылманын жетекчисинин
    ФААсын, координаттарын жана байланышуу маалыматтарын көрсөтүү
    зарыл;
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде жалпыга маалымдоо
    каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү;
  • укуктук жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн же
    жеке ишкерди мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөсү
    (интернет-басылмалар үчүн);
  • жалпыга маалымдоо каражатынын уставынын көчүрмөсүн (эгерде бар
    болсо);
  • обо убактысын, басма аянтын берүү үчүн акынын өлчөмү жана башка шарттары жөнүндө маалыматтар жарыяланган газета санынын көчүрмөсү.

Өз өкүлдөрүнүн тизмеси жана документтер менен электрондук варианттагы арызды Борбордук шайлоо комиссиясынын [email protected] электрондук почтасына жөнөтүү зарыл.
Жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларын жана/же алардын өкүлдөрүн аккредиттөө жөнүндө чечимди БШК аккредиттөө үчүн зарыл болгон документтерди берүү мөөнөтү аяктагандан кийин беш календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат.
БШКда аккредиттөөдөн өтпөгөн жалпыга маалымдоо каражаттары жана интернет-басылмалары расмий маалыматты жана маалыматтык (жаңылык) билдирүүлөрүн шайлоо алдындагы үгүттүн белгилерисиз чагылдыруу жолу менен гана шайлоону маалыматтык жактан камсыздоого катышууга укуктуу.
Жалпыга маалымдоо каражаттарын, интернет-басылмаларын аккредиттөө эрежелери менен шилтеме боюнча же 0312 62 01 84 тел. боюнча таанышууга болот.
Маалымат үчүн:
Республиканын 30 жергиликтүү кеңешин кезектеги шайлоо 2020-жылдын 12-апрелине дайындалган. Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлердин, талапкерлердин тизмесин каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн тартып башталат жана добуш берүү күнү башталганына чейин 24 саат калганда токтотулат:
шаарларда – 13-марттан 10-апрелди кошо алганга чейин, айылдарда – 23- марттан 10-апрелди кошо алганга чейин.
Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоонун Календары менен БШКнын сайтынан же шилтемеге өтүп, кеңири таанышса болот.

Количество просмотров: 73