• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жергиликтүү кеңештерге тиешелүү мыйзамдар ЖКда үч окуудан өттү

19 Аяк оона 202413:56 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 19-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, «Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына, «Ош шаарынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» жана «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө» мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорлору каралды.

Мыйзам долбоорлорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Шаирбек Ташиев, Айбек Маткеримов.

Мыйзам долбоорлорду Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова тааныштырды. Анын айтымында, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын аймагында административдик-аймактык реформа жүргүзүү алкагында бүтүндөй калктын кызыкчылыгын адилеттүү коргоону камсыз кылуу, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана конституциялык кепилдиктерди ишке ашыруу максатында иштелип чыккандыгын белгиледи.

Тагыраагы, айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде жаңыдан түзүлгөн административдик-аймактык бирдиктерге байланыштуу тиешелүү аймакта жашаган калктын саны өзгөрдү. Тең өкүлчүлүк принцибин сактоо үчүн жергиликтүү кеңештерде калктын иш жүзүндөгү санына ылайык мандаттардын санын көбөйтүү зарыл.

Талкуунун жүрүшүндө Бекмурза Эргешов жергиликтүү кеңештин депутатынын статусу билим берүү жана саламаттыкты сактоо мекемелеринен башка айрым кызматтар менен дал келбестиги тууралуу беренеге көңүл бурду. Ал белгилегендей, мамлекеттик же муниципалдык мекеменин жетекчиси административдик ресурстарга ээ болуп, аларды үгүт жүргүзүү үчүн колдонушу мүмкүн.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлору экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынды.

Количество просмотров: 116